Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 29-марты № 85
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентинде:
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин долбоорлору (мындан ары - тескемелердин долбоорлору), ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн тескемелердин долбоорлорунан тышкары, түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын же өзүнүн демилгеси боюнча мамлекеттик тилдерде даярдалат. "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган мыйзам долбоорлоруна Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу жөнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин долбоорлору мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалат.";
- 20-пунктта:
биринчи абзацындагы "жана расмий тилдеги" деген сөздөр "тилдеги" деген сөзгө алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Ушул Регламенттин 19-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн тескемелердин долбоорлоруна маалымкат-негиздеме мамлекеттик жана расмий тилдерде тиркелет.".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинде:
- 53-пункттун экинчи абзацы "түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси" деген сөздөрдөн кийин ", зарыл болсо мыйзамдарды системалоону жүргүзгөн укуктук жактан камсыз кылуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери" деген сөздөр менен толукталсын.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси | | А.Жапаров |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламенти (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570…Регламент · 26.10.2021 · № 570
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламенти (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын…Регламент · 26.10.2021 · № 571
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин Администрациясынын жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламенти…Распоряжение · 26.10.2021 · № 571
- КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентин бекитүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 26.10.2021 · № 570
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122