# Байтик Баатыр айылдык кенешинин 2026-жылдын 3-августу № 01-6/6 “Пионер” чокусунун атын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Байтик Баатыр айылдык кенешинин 2026-жылдын 3-августу № 01-6/6 “Пионер” чокусунун атын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-6/6
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57422/edition/57638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Байтик Баатыр айылдык кенешинин 2026-жылдын 3-августу № 01-6/6 “Пионер” чокусунун атын өзгөртүү жөнүндө" токтому (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050163

---

БАЙТИК БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Байтик Баатыр айылдык кенешинин 30 чакырлышынын 3 жыйыны

2026-жылдын 3-августу № 01-6/6

“Пионер” чокусунун атын өзгөртүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1 жана 7-беренелерине жана 2026-жылдын 20-июлундагы № 15-9082 “Шанхай кызматташтык уюмунун юбилейлик саммитине байланыштуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын протоколдук тапшырмасына ылайык, Байтик Баатыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Байтик Баатыр айыл аймагындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Ала-Арча» Кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы» мамлекеттик мекемесинин аймагында жайгашкан, азыркы учурда “Пионер” аттуу чокусунун аты “Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу” деген атка которулсун.

2. Байтик Баатыр айыл өкмөтү тарабынан Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына “Пионер” чокусунун атын өзгөртүү боюнча өтүнүч кат жөнөтүлсүн.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер маселелери жана жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

| Төрага | | А.М. Джумагулов |
