# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-августу № 557 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагында жайгашкан жер тилкелерин «Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-августу № 557 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагында жайгашкан жер тилкелерин «Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 558
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050162>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57421/edition/57636/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050162.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-августу № 557 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагында жайгашкан жер тилкелерин «Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (18.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050162

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 18-августу № 557

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагында жайгашкан жер тилкелерин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынган Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагында жайгашкан жер тилкелеринин ордуна бирдей баадагы жер тилкелерин жарандарга берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2026-жылдын 17-февралындагы № 01-17/681 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 11-февралындагы № 01-18/1 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18, 69, 102-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагындагы № 3470 контурда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жайыт жерлеринин жалпы аянты 3,36 га болгон жер тилкелери «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун (трансформациялансын).

2. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелеринин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелерин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;

4) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймактагы кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо боюнча колдонмону сактоону;

5) аймактын инфраструктурасынын, жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү жергиликтүү бюджеттин, жергиликтүү коомчулуктун жана жер тилкелеринин менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен уюштурууну;

6) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелери пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды баштапкы абалына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү;

7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелеринде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды күтүүнү жана коргоону, жер казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык археологиялык көзөмөл жүргүзүү үчүн археолог адисти тартууну;

8) «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесин техникалык тейлөөнү, ошондой эле электр тармактарын коргоо эрежелерине ылайык аба электр берүү линияларынын коопсуздук зоналарын сактоону уюштурууну;

9) Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда экологиялык талаптарды сактоону;

10) санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын, ошондой эле жарандык коргонуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоону.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
