# 15-берене. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү

- Документ: [Венчурдук каржылоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050154)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 126 "Венчурдук каржылоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050154/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5827/edition/57625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050154/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Венчурдук каржылоо жөнүндө, 15-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050154/st-15

---

1. Венчурдук фонддордун, венчурдук башкаруучулардын жана венчурдук инвесторлордун иши кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Венчурдук фонддордун ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш болгон финансылык операциялар жөнүндө маалыматты суроого жана финансылык чалгындоо органына берүүгө укуктуу.

3. Венчурдук башкаруучулар кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инвесторлорду (аманатчыларды) идентификациялоого жана алардын каражаттарынын келип чыгуу булактарын текшерүүгө багытталган ички контролдоо жол-жоболорун колдонууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050154/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050154/st-16)
