# 14-берене. Инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү

- Документ: [Венчурдук каржылоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050154)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 126 "Венчурдук каржылоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050154/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5827/edition/57625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050154/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Венчурдук каржылоо жөнүндө, 14-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050154/st-14

---

1. Венчурдук иштин катышуучуларынын ортосунда, анын ичинде венчурдук инвесторлордун, венчурдук фонддордун, венчурдук башкаруучулардын, стартаптарды уюштуруучуларынын, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.

2. Тараптардын макулдашуусу боюнча мындай талаш-тартыштар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан бейтарап сотко же эл аралык коммерциялык арбитражга кароого өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

3. Тараптардын талаш-тартышты бейтарап сотко же эл аралык коммерциялык арбитражга өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуусу жок болгондо талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын сотторунда каралууга тийиш.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050154/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050154/st-15)
