# 13-берене. Венчурдук ишти мамлекеттик колдоо

- Документ: [Венчурдук каржылоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050154)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 126 "Венчурдук каржылоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050154/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5827/edition/57625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050154/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Венчурдук каржылоо жөнүндө, 13-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050154/st-13

---

1. Венчурдук ишти мамлекеттик колдоо мамлекеттик органдар тарабынан төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:

1) Кыргыз Республикасында венчурдук каржылоонун жагымдуу чөйрөсүн түзүүгө жана ырааттуу өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдарды өркүндөтүү;

2) венчурдук каржылоо чөйрөсүнүн өнүгүү муктаждыктарын эске алуу менен кадрлардын квалификациясын жогорулатуу тутумун түзүүгө катышуу;

3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык венчурдук инвесторлор жана стартаптар үчүн салыктык дем берүү;

4) жеке капиталды тартуу, венчурдук фонддор менен тең инвестициялоо жана венчурдук инфратүзүмдү өнүктүрүү максатында фонддордун фонддорун түзүү жана (же) аларга мамлекеттин катышуусу.

2. Венчурдук ишти мамлекеттик колдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин актыларына ылайык мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050154/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050154/st-14)
