# 10-берене. Венчурдук фонддун ишин жарнамалоо өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Венчурдук каржылоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050154)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 126 "Венчурдук каржылоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050154/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5827/edition/57625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050154/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Венчурдук каржылоо жөнүндө, 10-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050154/st-10

---

1. Венчурдук башкаруучу жана башкаруучу компаниянын кызматкерлери алар түзгөн жана каттаган венчурдук фонддун иши жөнүндө инвестициялык тезисти жана инвестициялык стратегияны же венчурдук фонддун башка документтерин камтыган жарнаманы жалпыга маалымдоо каражаттарына жана венчурдук фонддун капиталын түзүү мезгилинде тышкы (визуалдык) жарнама объекттерине жайгаштырууга, ошондой эле ачык оферта же адамдардын чектелбеген чөйрөсү үчүн чыгып сүйлөө аркылуу венчурдук фонддун жаңы катышуучуларын тартууга укуксуз.

2. Венчурдук фонддун капиталын түзүүнүн финалдык баскычы аяктагандан кийин венчурдук фонд жөнүндө маалыматты венчурдук башкаруучунун веб-сайтына жайгаштыруу венчурдук фонддун жарнамасы болуп саналбайт.

3. Венчурдук башкаруучу инвестицияларды тартууда венчурдук инвестордун этикалык принциптерин жетекчиликке алышы жана жогорку тобокелдиктер жөнүндө квалификациясы жана маалыматы жок инвесторлордун венчурдук фондго инвестор катары катышууга жол бербеши керек.

4. Анык эмес маалыматты таратуу, ошондой эле квалификациялуу инвестор болуп саналбаган адамдарды венчурдук фонддорго тартууга багытталган жарнама Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде жана "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050154/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050154/st-11)
