# 9-берене. Товардык биржанын кирешелери

- Документ: [Товардык биржалар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августунун № 140 "Товардык биржалар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5826/edition/57624/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050152/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык биржалар жөнүндө, 9-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-9

---

1. Товардык биржанын кирешелери товардык биржанын мүчөлөрүнүн кириш жана ар жылдык төгүмдөрүнүн, биржанын мүлкүн пайдалангандыгы үчүн, биржалык бүтүмдөрдү каттоо жана тариздөө үчүн төлөмдөрдүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.

2. Товардык биржа төмөнкүлөрдү белгилөөгө укуктуу:

1) товардык биржанын мүчөлөрү тарабынан кепилдик төгүмдөрдүн өлчөмдөрүн жана салуу тартибин;

2) биржалык соода эрежелерине ылайык тооруктарга катышуу үчүн төлөмдөрдүн өлчөмүн;

3) товардык биржанын мүчөлөрү тарабынан жасалган бүтүмдөрдүн көлөмүнө жараша дифференцияланган биржалык жыйымды;

4) жер казынасын пайдалануучулар тарабынан сатып алынуучу товарларда жергиликтүү үлүш деңгээлин жогорулатууну эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен, товардык биржада өздөрү өндүргөн товарларын сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу биржа дилерлери үчүн дифференцияланган биржалык жыйымды;

5) чайкоочулук аракеттердин алдын алуу максатында тооруктарды токтотуп туруу үчүн мурунку тооруктардын натыйжасында түзүлгөн бааларга жараша бир соода күнүнүн алкагында конкреттүү биржалык товарга баанын деңгээлинин минималдуу жана максималдуу чектерин.

3. Товардык биржага биржа брокерлери жана биржа дилерлери тарабынан биржалык бүтүмдөрдөгү ортомчулук үчүн алынуучу сый акынын өлчөмдөрүн белгилөөгө тыюу салынат.

4. Биржалык сооданын катышуучуларынан алынуучу төлөмдөрдүн өлчөмдөрү товардык биржанын ички документтеринде аныкталат жана биржалык сооданын катышуучуларына таанышуу үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-10)
