# 7-берене. Товардык биржалардын иши

- Документ: [Товардык биржалар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августунун № 140 "Товардык биржалар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5826/edition/57624/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050152/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык биржалар жөнүндө, 7-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-7

---

1. Товардык биржанын ишинин негизги түрү болуп биржалык тооруктарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш саналат.

2. Товардык биржа өз ишин брокердик, дилердик, маркет-мейкердик иш, ошондой эле инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш менен айкалыштырууга укуксуз.

3. Товардык биржа өзүнүн атынан чет өлкөлүк жарандар жана башка мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жактар менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларды ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында ага берилген укуктардын чегинде түзүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-8)
