# 6-берене. Товардык биржалардын бирдиктүү мамлекеттик реестри

- Документ: [Товардык биржалар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августунун № 140 "Товардык биржалар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5826/edition/57624/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050152/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык биржалар жөнүндө, 6-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-6

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Товардык биржалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин (мындан ары - Реестр) жүргүзөт жана Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген жүргүзүү тартибине ылайык Реестрде камтылган маалыматтарды кызыкдар жактарга берет.

2. Реестрге киргизүү үчүн арыз ээси ушул Мыйзамда товардык биржаларга карата белгиленген талаптарга жана Министрлер Кабинети тарабынан ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган талаптарга ылайык келүүгө тийиш.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыздын жана тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү документтердин негизинде товардык биржа жөнүндө маалыматтарды Реестрге киргизүү же аларды Реестрге киргизүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат.

4. Көрсөтүлгөн чечимди кабыл алуунун тартиби, мөөнөттөрү жана товардык биржа жөнүндө маалыматтарды Реестрге киргизүү тууралуу арыздын формасы Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Товардык биржа жөнүндө маалыматтарды Реестрге киргизүүдө Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген негиздер боюнча баш тартылуусу мүмкүн.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын товардык биржа тууралуу маалыматтарды Реестрден чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуусуна төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) товардык биржанын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген арызы;

2) товардык биржанын ишин жүргүзүүдө товардык биржанын ушул Мыйзамдын жана ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын талаптарын бир нече ирет бузуусу;

3) товардык биржалар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн товардык биржанын жоопкерчиликке тартылуусу.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-7)
