# 3-берене. Товардык биржа жана товардык биржанын уставдык капиталы

- Документ: [Товардык биржалар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августунун № 140 "Товардык биржалар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5826/edition/57624/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050152/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык биржалар жөнүндө, 3-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-3

---

1. Товардык биржа болуп акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, товардык биржанын электрондук соода тутумун пайдалануу менен биржалык тооруктарды өткөрүү аркылуу уюштуруучулук жана техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жак саналат.

Товардык биржа биржалык сооданын белгиленген эрежелери боюнча тооруктарды өткөрүүнү камсыз кылат.

2. Адистешүүсү боюнча товардык биржа товарлардын ар кандай түрлөрүн биржалык тооруктарга кабыл алуучу универсалдуу гана болушу мүмкүн.

3. Товардык биржа менен аффилирленген юридикалык жактар товардык биржанын мүчөлөрү боло албайт.

4. Товардык биржа менен эмгектик мамиледе туруучу жана эмгек келишими боюнча ишти түздөн-түз аткаруучу жеке жактар товардык биржанын кызматкерлери болуп саналат. Товардык биржанын кызматкерине бир эле учурда товардык биржанын мүчөлөрү менен эмгектик мамиледе болууга тыюу салынат.

5. Товардык биржанын кызматкерлерине биржалык бүтүмдөргө катышууга, ошондой эле коммерциялык маалыматты өз кызыкчылыктарында пайдаланууга тыюу салынат.

6. Товардык биржанын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана, накталай эмес түрдө, уюштуруучулардын акча каражаттарынын эсебинен гана түзүлөт.

7. Товардык биржа жана биржалык сооданын катышуучулары финансылык туруктуулукка, анын ичинде өздүк капиталына жана минималдуу босогосу Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү өздүк каражаттардын жетиштүүлүк коэффициентине карата ченемдик талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-4)
