# 22-берене. Товардык биржанын эсеби жана отчеттуулугу

- Документ: [Товардык биржалар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августунун № 140 "Товардык биржалар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5826/edition/57624/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050152/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык биржалар жөнүндө, 22-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-22

---

1. Товардык биржа Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүлгөн жылдык жана кварталдык финансылык отчеттуулукту берүүгө милдеттүү. Мындай отчеттуулук бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдалууга жана Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине берилүүгө тийиш.

2. Финансылык отчеттуулуктун толук комплекти төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) мезгилдин аяктоо датасына карата финансылык абалы жөнүндө отчет;

2) мезгил ичиндеги жыйынды финансылык натыйжанын пайдалары, чыгымдары жана башка компоненттери жөнүндө отчет;

3) мезгил ичиндеги өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет;

4) мезгил ичиндеги акча агымдары жөнүндө отчет;

5) эсепке алуу саясатынын негизги жоболорунан жана башка түшүндүрмө маалыматтан турган эскертүүлөр.

3. Товардык биржа ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй учурлар жөнүндө маалыматтарды камтуучу ыкчам отчеттуулукту берүүгө милдеттүү:

1) тооруктардын катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы аныкталганда.

Тооруктардын катышуучусунун бардык аныкталган бузуулары тууралуу маалыматтарда бузуунун фактылары жана жагдайлары аныкталган бузуунун (бузуулардын) материалдарын милдеттүү түрдө тиркөө менен баяндалууга тийиш. Товардык биржанын ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн көрсөтүлгөн маалыматтар бузуу (бузуулар) фактысы аныкталгандан кийин 1 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө жөнөтүлүүгө тийиш;

2) товардык биржанын соода тутумунда бузулуу болгондо. Мында товардык биржанын ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн маалыматтар бузулуу фактысы аныкталган учурдан тартып 6 сааттын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө жөнөтүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-23)
