# 21-берене. Товардык биржанын иши жөнүндө коммерциялык сырды түзүүчү маалыматтарды берүү

- Документ: [Товардык биржалар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августунун № 140 "Товардык биржалар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5826/edition/57624/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050152/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык биржалар жөнүндө, 21-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-21

---

1. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө белгиленген учурларды кошпогондо, товардык биржада коммерциялык сырды түзүүчү маалыматтар ачыкка чыгарылууга тийиш эмес.

2. Коммерциялык сырды түзүүчү маалыматтар биржалык сооданын катышуучусуна анын укуктарына карата же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним каттын негизинде анын өкүлүнө берилүүсү мүмкүн.

3. Товардык биржада коммерциялык сырды түзүүчү маалыматтар төмөнкүлөргө берилүүгө тийиш:

1) укук коргоо органдарына укук коргоо органдарынын өндүрүшүндө турган кылмыш иштери боюнча тергөө судьясынын токтому боюнча, тергөөгө чейинки өндүрүштө прокурордун макулдугу менен;

2) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына чалгындоо жана (же) жардыруу акцияларынын алдын алуу, ачуу жана бөгөт коюу үчүн зарыл маалыматтарды берүү тууралуу алардын талабы боюнча прокурордун санкциясы менен;

3) сотторго (судьяларга) алардын өндүрүшүндө турган иштер боюнча соттук коромжулардын ордун толтуруу тартибинде;

4) прокурорго анын токтомунун негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында;

5) мамлекеттик сот аткаруучуларга аткаруу өндүрүшүнүн алкагында мамлекеттик же болбосо жеке сот аткаруучу тарабынан чыгарылган токтомдун негизинде;

6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын компетенциясынын чегиндеги суроо-талабы боюнча;

7) ыйгарым укуктуу салык органына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык;

8) финансылык чалгындоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган максаттарда жана тартипте;

9) ыйгарым укуктуу органга "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган максаттарда жана тартипте, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген анын компетенциясынын чегиндеги суроо-талап боюнча.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-22)
