# 20-берене. Товардык биржадагы коммерциялык сыр

- Документ: [Товардык биржалар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августунун № 140 "Товардык биржалар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5826/edition/57624/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050152/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык биржалар жөнүндө, 20-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-20

---

1. Коммерциялык сырга төмөнкүлөр кирет:

1) биржалык сооданын катталган катышуучулары жөнүндө маалыматтар;

2) товардык биржада түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалыматтар;

3) товардык биржа тарабынан коммерциялык сырга киргизилген маалыматтар.

2. Маркет-мейкерлер, биржа брокерлери жана биржа дилерлери табигый баанын түзүлүшүн бузууга жана товардык рынокту туруксуздаштырууга алып келүүсү мүмкүн болгон аракеттерди (аракетсиздикти) жасоого укуксуз.

3. Коммерциялык сырды түзүүчү маалыматка ээ адам болуп өзүнүн кызматтык абалынан улам көрсөтүлгөн маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү бар адам саналат.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-21)
