# 19-берене. Биржа брокерлеринин жана биржа дилерлеринин ички документтерине, ошондой эле жасалган биржалык бүтүмдөрдүн эсебин жүргүзүүгө карата талаптар

- Документ: [Товардык биржалар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августунун № 140 "Товардык биржалар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5826/edition/57624/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050152/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык биржалар жөнүндө, 19-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-19

---

1. Биржа брокерлери жана биржа дилерлери үчүн товардык биржанын ички документтери товардык биржада коммерциялык сырды түзүүчү, биржалык сооданын катышуучуларынын, алардын өкүлдөрүнүн жана (же) үчүнчү жактардын кызыкчылыгында пайдаланылуусуна жол бербөөчү маалыматтардын сакталуусун камсыз кылуу шарттарын камтууга тийиш.

2. Биржа брокерлери ар бир кардар боюнча өзүнчө жасалган биржалык бүтүмдөрдүн эсебин жүргүзүүгө жана бул бүтүмдөр жөнүндө маалыматтарды бүтүм жасалган күндөн тартып 5 жыл бою сактоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-20)
