# 17-берене. Товардык биржада биржа брокерлери менен биржа дилерлеринин өз ара аракеттенүүсү

- Документ: [Товардык биржалар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августунун № 140 "Товардык биржалар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5826/edition/57624/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050152/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык биржалар жөнүндө, 17-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-17

---

1. Товардык биржа өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде биржа брокерлеринин, биржа дилерлеринин жана алардын кардарларынын өз ара мамилелерин жол-жоболоштурат, ошондой эле биржалык сооданын эрежелерин бузгандарга карата чараларды көрөт.

2. Товардык биржа биржа брокерлери жана биржа дилерлери үчүн коррупциянын алдын алуу боюнча типтүү стандарттарды иштеп чыгат жана бекитет. Биржа брокерлери жана биржа дилерлери өз ишин жүргүзүүдө коррупциянын алдын алуу боюнча стандарттарды сактоого жана тиешелүү чараларды көрүүгө, анын ичинде коррупциялык укук бузууларды жасоого өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды минималдаштыруу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

3. Кардарлар жана (же) алардын өкүлдөрү жана (же) кардарлар менен аффилирленген үчүнчү жактар менен өз ара аракеттенүүдө биржа брокерине төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) биржалык бүтүмдү жасоодо кардарлардын рыноктук жүрүм-турумун өзгөртүү максатында аларга түз же кыйыр түрдө кысым көрсөтүүгө;

2) биржалык тооруктарда баа өтүнмөлөрүн атайылап жогорулатуу (төмөндөтүү) максатында алардын аткарылуусун болжолдобогон келишимдерди түзүүгө (өтүнмөлөрдү берүүгө, кайтарып алууга);

3) эки жана андан көп кардардын ортосунда сатылуучу биржалык товарлардын баасын түзүүгө таасир этүүчү бааларды белгилөө же болбосо колдоо маселелери боюнча макулдашууларды түзүүгө (сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө);

4) кайсы бир кардарга башка кардарга мүлктүк же башка зыян келтирүүчү артыкчылык берүүгө;

5) биржалык тооруктардын атаандаштыгын төмөндөтүүгө багытталган биржалык тооруктарга катышуу үчүн башка биржа брокерлери жана (же) биржа дилерлери менен аффилирленгендигин пайдаланууга.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-18)
