Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
15-берене. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун иши жана өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмга мүчөлүк (катышуу)
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 4-глава
1. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюм өз ишин ушул Мыйзамга, өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун уставына жана эрежелерине ылайык жүргүзөт.
2. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмга мүчөлүк (катышуу) ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.
3. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун мүчөлөрү (катышуучулары) болуп товардык биржалар, биржа брокерлери, биржа дилерлери жана маркет-мейкерлер саналат. Товардык биржалар, биржа брокерлери, биржа дилерлери жана маркет-мейкерлер бир гана өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун мүчөсү (катышуучусу) боло алышат.
4. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун мүчөлүгүнө (катышуучуларына) кабыл алуунун жана мүчөлүктү (катышууну) токтотуунун шарттары, тартиби өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун уставында жана эрежелеринде аныкталат.
Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун эрежелери, ошондой эле аларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун мүчөлүгүнө (катышуучуларына) кабыл алуудан баш тартуу же мүчөлүктөн (катышуучулардан) чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылуусу мүмкүн.
5. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюм өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун мүчөлөрүнүн (катышуучуларынын) тизмегин өзүнүн интернет-ресурсуна жайгаштырууга милдеттүү.
Жетекчи алмашканда жана (же) мүчөлөрдүн (катышуучулардын) кызматкерлеринин курамы өзгөргөндө өзүн-өзү жөнгө салуучу уюм көрсөтүлгөн тизмекти 3 жумуш күндүн ичинде жаңылоого милдеттүү.
6. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюм тарабынан өз мүчөлөрүнүн (катышуучуларынын) ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана негиздерде жүзөгө ашырылат.
Мында өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун мүчөлөрүн (катышуучуларын) текшерүүлөрдү уюштуруу жана өткөрүү тартиби өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган эрежелеринде аныкталат.
7. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдагы мүчөлүк (катышуу) төмөнкүдөй негиздер боюнча токтотулат:
1) товардык биржанын биржа брокеринин, биржа дилеринин жана маркет-мейкеринин арызы боюнча;
2) мүчө (катышуучу) ушул Мыйзамдын жоболорун, биржалык соода эрежелерин, өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун уставын жана эрежелерин бир нече жолу бузган учурда.
Ушул Мыйзамдын жоболорун, биржалык соода эрежелерин, өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун уставын жана эрежелерин бузуулар аныкталгандыгына байланыштуу мүчөлүгү (катышуусу) токтотулган өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун мүчөлөрү (катышуучулары), ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболорун бузууга жол берген жетекчилер жана кызматкерлер 2 жылдан кем эмес мөөнөткө биржалык соодага катыша албайт.
8. Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын реестринен мүчөлөрдү (катышуучуларды) чыгаруу өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдун уставында жана эрежелеринде белгиленген тартипте жана негиздерде жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230050152/st-15" title="15-берене - Товардык биржалар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>