# 14-берене. Биржа брокерлеринин жана биржа дилерлеринин ишин жүргүзүү тартиби

- Документ: [Товардык биржалар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августунун № 140 "Товардык биржалар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5826/edition/57624/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050152/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык биржалар жөнүндө, 14-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-14

---

1. Товардык биржада биржа брокерлеринин жана биржа дилерлеринин иши товардык биржада аккредиттөөнүн негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Өздөрү өндүргөн товарларды сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жактар товардык биржада башка кошумча талаптарсыз биржа дилери катары аккредиттелет.

3. Товардык биржада аккредиттөөдөн терс жүйөлөр боюнча чыгарылганда биржа брокерлери жана (же) биржа дилерлери 2 жылдын ичинде башка товардык биржаларда аккредиттеле албайт.

4. Товардык биржа товардык биржада биржа брокери жана биржа дилери аккредиттөөсүн жокко чыгаруу жөнүндө төмөнкү учурларда чечим кабыл алат:

1) товардык биржада аккредиттелген күндөн тартып удаа 12 календардык айдын ичинде биржа брокеринин жана биржа дилеринин ишин жүргүзбөгөндө;

2) товардык биржада биржа брокеринин жана биржа дилеринин ишин жүргүзүүнү ыктыярдуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алганда;

3) ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган аракеттердин бирин удаа 6 календардык айдын ичинде эки жолудан ашык жасаганда.

5. Биржа брокерлери жана биржа дилерлери ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле товардык биржанын ички документтеринде белгиленген талаптарды сактоого милдеттүү.

6. Биржа брокери менен анын кардарларынын ортосундагы мамилелер биржа брокеринин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишимдин негизинде келип чыгат, ага Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдери колдонулат.

7. Юридикалык жактын уставдык капиталына катышуунун минималдуу үлүшүнө түз же кыйыр түрдө ээлик кылуучу, ошондой эле жарандык-укуктук мамилелердин алкагында келишимдин негизинде ал жеке өзү башкарууну жүзөгө ашыруучу жеке жак эки жана андан көп биржа брокеринин жана (же) биржа дилеринин жетекчиси жана (же) уюштуруучусу (кошо уюштуруучусу) боло албайт.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-15)
