# 13-берене. Биржалык бүтүмдөр боюнча клирингдик иш

- Документ: [Товардык биржалар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августунун № 140 "Товардык биржалар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5826/edition/57624/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050152/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык биржалар жөнүндө, 13-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-13

---

1. Биржалык бүтүмдөр боюнча клирингдик ишти түздөн-түз товардык биржа өзү, ошондой эле товардык биржанын клирингдик борбору жүргүзө алат.

2. Товардык биржанын клирингдик борбору болуп товардык биржа клирингдик тейлөө жөнүндө келишим түзгөн өз алдынча клирингдик уюм саналат. Мында товардык биржаны анын клирингдик борборунун функцияларын аткаруу менен чет өлкөлүк юридикалык жак тарабынан клирингдик тейлөөгө жол берилбейт.

3. Товардык биржанын клирингдик борборунун биржалык бүтүмдөр боюнча иши товардык биржалар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүүгө тийиш.

4. Товардык биржанын клирингдик борбору өз ишин жүргүзүү үчүн клирингдик иштин процессин автоматташтырууну камсыз кылуучу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүчү клирингдин маалымат тутумуна ээ болууга тийиш.

5. Клирингдик иш жүзөгө ашырылуучу биржалык бүтүмдөргө жараша товардык биржанын клирингдик борбору төмөнкү функцияларды аткарат:

1) түзүлгөн биржалык бүтүмдөр боюнча маалыматты чогултууну жана иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;

2) түзүлгөн биржалык бүтүмдөрдүн шарттарын эсепке алууну жана тастыктоону жүргүзөт;

3) биржалык бүтүмдөрдү жасоонун натыйжасында жүзөгө ашырылуучу эсептешүүлөргө катышкан тараптардын өз ара талаптарын жана милдеттенмелерин эсепке алат;

4) биржалык тооруктардын катышуучуларын биржалык камсыз кылууну кабыл алат жана эсебин жүргүзөт;

5) биржалык бүтүмдөр боюнча тараптардын талаптарын жана (же) милдеттенмелерин аныктайт жана алар боюнча эсептешүүлөрдү уюштурат;

6) биржалык бүтүмдөрдү аткарууда колдоо көрсөтөт.

6. Биржалык бүтүмдөр боюнча клирингдик ишти жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

7. Мамлекеттик сатып алуулар, жер казынасын пайдалануучулардын сатып алуулары, мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин катышуусу бар чарбалык коомдордун сатып алуулары боюнча тооруктарды өткөрүүдө биржалык тооруктарга катышуу өтүнмөсүн камсыз кылуу сатып ала турган сумманын 1 пайызынан кем эмес өлчөмдө клирингдик уюмга киргизилет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-14)
