# 11-берене. Биржалык тооруктарды өткөрүү режимдери

- Документ: [Товардык биржалар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августунун № 140 "Товардык биржалар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5826/edition/57624/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050152/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык биржалар жөнүндө, 11-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-11

---

1. Биржалык тооруктар төмөнкү соода режимдеринде өткөрүлөт:

1) стандарттык аукцион режими;

2) кош утурлама аукцион режими.

2. Стандарттык аукцион режиминде биржалык тооруктар төмөнкүлөрдү эске алуу менен өткөрүлөт:

1) аукциондун демилгечиси тууралуу жалпыга жеткиликтүү болуп саналган маалыматты кошпогондо, биржалык сооданын катышуучулары жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарууну же анын купуялуулугун;

2) бааны төмөндөтүүгө же жогорулатууга аукциондорду өткөрүүнү;

3) стандартташтырылбаган товардын сатып алуучусунун же сатуучусунун тапшырыгы боюнча аукцион өткөрүүнү;

4) аукциондун тапшырыкчысын кошо алганда, аукциондун 3төн кем эмес катышуучусунун аукционго катышуусун;

5) аукциондун жыйынтыгы боюнча биржалык бүтүм түзүлгөн стандартташтырылбаган товардын баасын түзүүнү жана бул бааны биржалык сооданын катышуучулары тарабынан төмөндөтүүгө сунушталган эң төмөнкү жана аукциондун катышуучулары тарабынан жогорулатууга сунушталган эң жогорку баа катары аныктоону;

6) эгерде биржалык соода эрежелеринде башкача каралбаса, биржалык камсыз кылууну киргизүүнү.

3. Кош утурлама аукцион режиминде биржалык тооруктар төмөнкүлөрдү эске алуу менен өткөрүлөт:

1) биржалык сооданын катышуучулары жөнүндө маалыматтын купуялуулугун;

2) кросс-бүтүмдөрдү түзүүгө тыюу салынгандыгын;

3) сатып алуучулар менен сатуучулардын сунуштарынын атаандаштыгы процессинде биржалык бүтүм түзүлүүчү биржалык товардын баасын түзүүнү жана бул бааны сатып алуучу үчүн эң жакшы (сатуучулардан минималдуу баа) же сатуучу үчүн эң жакшы (сатып алуучулардан максималдуу баа) катары аныктоону;

4) биржалык камсыз кылууну киргизүүнү.

4. Соода режимдеринде биржалык тооруктарды өткөрүү тартиби биржалык соода эрежелеринде аныкталат.

5. Товардык биржа стандартташтырылбаган товарлар боюнча жасалуучу бүтүмдөрдүн өзүнчө эсебин жүргүзөт.

6. Товардык биржа кош утурлама аукцион режиминде биржалык тоорук өткөрүүдө биржалык бүтүмдөрдү камсыздандырууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152/st-12)
