Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Патогендүү биологиялык агенттерди мамлекеттик эсепке алуу системасын уюштуруу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди)
| 1-тиркеме | |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 562 токтому менен бекитилди) |
Патогендүү биологиялык агенттерди мамлекеттик эсепке алуу системасын уюштуруу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. АМСтин негизги функциялары
3-глава. АМС менен иштеген министрликтердин жана ведомстволордун функциялары жана милдеттери
4-глава. Отчеттуулук. тиркеме
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип патогендүү биологиялык агенттерди (мындан ары – ПБАлар) мамлекеттик эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык системасын уюштуруу, жүргүзүү жана иштетүү эрежелерин аныктайт.
2. Ушул Тартип ПБАларды алууну, пайдаланууну, өткөрүп берүүнү, сактоону же жок кылууну жүзөгө ашырган бардык мамлекеттик органдар, илимий-изилдөө мекемелери, өндүрүштүк лабораториялар, биофабрикалар жана башка уюмдар үчүн милдеттүү болуп саналат.
3. Автоматташтырылган маалыматтык системаны (мындан ары – АМС) иштеп чыгуу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) ПБАлардын жана токсиндердин болушун жана кыймылын эсепке алуу;
2) сактоо шарттарына мониторинг жүргүзүү;
3) жеткиликтүүлүктү контролдоо жана ыйгарым укуктарды чектөө;
4) ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуу;
5) милдеттүү отчеттуулукту калыптандыруу;
6) ПБАлар жөнүндө бардык маалыматтарды Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздукту камсыздоо жана жеткиликтүүлүктү чектөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган талаптарга ылайык коргоо.
2-глава. АМСтин негизги функциялары
4. АМСтин негизги функцияларына төмөнкүлөр кирет:
1) ПБАлардын жана токсиндердин – жаратылышта кездешкен же генетикалык жактан өзгөртүлгөн ар кандай микроорганизм, вирус, биологиялык токсин, бөлүкчө же башка инфекциялык материал, анын ичинде синтетикалык биология продуктулары, төмөнкүлөргө алып келиши мүмкүн болгон клеткалуу өсүмдүктөр жана эндопаразиттер:
– адамдарда, жаныбарларда же өсүмдүктөрдө ар кандай инфекциялардын, аллергиялык же уулануу реакцияларынын пайда болушуна;
– азык-түлүктүн, жабдуулардын, камдыктардын же башка материалдардын сапатынын начарлашына;
– айлана-чөйрөнүн жагымсыз өзгөрүшүнө;
2) операцияларды фиксациялоо – ПБАлардын келип түшүүсү, колдонулушу, өткөрүп берилиши, жок кылынышы, утилдештирилиши;
3) идентификациялык маалыматтарды сактоо:
– ПБАлардын жана токсиндердин аталышы;
– патогендүүлүк классы;
– өлчөө бирдиги;
– сактоочу жер;
– ПБАлардын жана токсиндердин саны;
– алынган күнү жана сактоо мөөнөтү.
5. Санариптештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган АМСти иштеп чыгууну камсыз кылат жана андан ары пайдалануу, эсепке алууну жүргүзүү жана системаны администрациялоо үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, экология жана жаратылыш пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана агроөнөр жай комплекси жана суу чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын АМСине жетүү мүмкүнчүлүгүн берет.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өз компетенциясынын чегинде АМСте ПБАларды эсепке алууну жүргүзөт.
3-глава. АМС менен иштеген министрликтердин жана
ведомстволордун функциялары жана милдеттери
7. ПБАлар менен иштеген субъекттер АМСте эсепке алууну жүргүзүү боюнча функциялар жүктөлгөн кызмат адамдарын аныктайт.
8. Аталган субъектерге төмөнкүлөрдү камсыз кылуу жүктөлөт:
1) биологиялык коопсуздук чараларын регламентөө;
2) белгиленген отчеттуулукту берүүнүн талаптагыдай мөөнөттөрүн.
4-глава. Отчеттуулук
9. Отчеттуулуктун милдеттүү формасы болуп ПБАлардын жана токсиндердин болушу жана кыймылы жөнүндө отчет (мындан ары – отчет) саналат.
10. Отчет төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн дайындалган:
1) отчеттук мезгилдин башына карата ПБАлардын жана токсиндердин болушу;
2) келип түшүшү, чыгымдалышы жана калдыгы;
3) материалдарды өткөрүп берүү, пайдалануу жана жок кылуу.
11. Отчет АМСте жүргүзүлүүчү ПБАларды жана токсиндерди эсепке алуу журналдарынын маалыматтарынын негизинде толтурулат.
12. Отчет жыл сайын ушул Тартиптин ишке ашырылышын координациялоочу жана камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органдарга (министрликтерге жана ведомстволорго) берилет. Отчеттук маалыматты төмөнүлөр берет:
1) мамлекеттик органдар;
2) окуу жайлары;
3) илимий-изилдөө институту;
4) өндүрүштүк лабораториялар;
5) биофабрикалар;
6) ПБАларды алууну, пайдаланууну, өткөрүп берүүнү, сактоону же жок кылууну жүзөгө ашырган жана белгиленген тартипте тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго отчет жөнөткөн башка уюмдар.
13. Отчетту берүү мөөнөтү – жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 25-январынан кечиктирилбестен.
14. Отчет төмөнкүлөрдү камтыган түшүндүрмө кат менен берилет жана коштолот:
1) сактоо шарттары жөнүндө маалыматтар;
2) материалдар кимге жана кандай максатта берилгендиги жөнүндө маалымат;
3) аларды пайдалануу жөнүндө маалыматтар.
15. Отчеттун формасы ушул Тартиптин тиркемесине ылайык бекитилет.
| | Патогендүү биологиялык агенттерди мамлекеттик эсепке алуу системасын уюштуруу тартибине тиркеме |
20___-ж. _____________ үчүн ПБАлардын жана токсиндердин болушу жана кыймылы жөнүндө отчет
ПБАлардын жана токсиндердин болушу жана кыймылы жөнүндө отчет алардын болушу жана кыймылы тууралуу маалыматтарды берүү, ошондой эле аларды сактоонун жана пайдалануунун абалын контролдоо үчүн дайындалган. ПБАлардын жана токсиндердин болушу жана кыймылы тууралуу маалыматтар жыл сайын патогендүү биологиялык агенттерди алуу, пайдалануу, өткөрүп берүү, сактоо же жок кылуу менен байланышкан иш жүргүзгөн мамлекеттик органдар, илимий-изилдөө мекемелери, өндүрүштүк лабораториялар, биофабрикалар жана башка уюмдар тарабынан Патогендүү биологиялык агенттерди мамлекеттик эсепке алуу системасын уюштуруу тартибин координациялоону жана ишке ашырууну камсыз кылуучу тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго жөнөтүлөт. Көрсөтүлгөн маалыматтар отчеттук мезгилден кийинки жылдын 25-январынан кечиктирбестен тиркемеге ылайык форма боюнча берилет. ПБАлардын жана токсиндердин болушу жана кыймылы жөнүндө отчет адамдарда, жаныбарларда же өсүмдүктөрдө кандайдыр бир инфекцияны, аллергиялык же токсикалык реакцияны, азык-түлүктүн, жабдуулардын, камдалган тамак-аштын же башка материалдардын сапатынын начарлашын, айлана-чөйрөнүн жагымсыз өзгөрүүсүн пайда кылышы мүмкүн болгон кандай болбосун микроорганизмдердин, вирустардын, биологиялык токсиндердин, бөлүкчөлөрдүн же башка инфекциялык материалдын, анын ичинде табиятта кездешкен же генетикалык модификацияланган синтетикалык биологиянын продукттарынын, клеткалык культуралардын жана эндопаразиттердин келип түшүүсүн жана чыгымдарын эсепке алуу журналынын жазууларынын негизинде түзүлөт. ПБАлардын жана токсиндердин аталышы жана өлчөө бирдиги ПБАлар жана токсиндер алынган документте алардын белгиленишине ылайык көрсөтүлөт. Отчетке карата түшүндүрмө катта ПБАларды жана токсиндерди сактоо шарттары, берүүнүн негиздерин көрсөтүү жана ырастоочу документтерди тиркөө менен аларды башка адамдарга жана уюмдарга берүү жөнүндө маалыматтар (суроо-талап каты, келишим, өткөрүп берүү акты жана башка документтер), ошондой эле пайдалануу максаттары жөнүндө маалыматтар да көрсөтүлөт.
ПБАларды жана токсиндерди эсепке алуу журналы
| ПБАлардын жана токсиндердин аталышы | Өлчөө бирдиги | Жыл башында материалдын калдыгы | Жыл ичинде келип түштү | Жыл ичиндеги чыгым | Жыл аягында материалдын калдыгы | ||
| Берилди | Пайдаланылды | Жок кылынды | |||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
| 2 | |||||||
| Түшүндүрмө кат _____ баракта тиркелет | |||||||
| Күнү | Кызмат орду | Колу | Аты-жөнү |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.