# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 562 "Патогендүү биологиялык агенттерди мамлекеттик эсепке алуу системасын уюштуруу тартибин жана Патогендүү биологиялык агенттер тууралуу маалыматты коргоону камсыз кылуу жана жеке жактарга патогендүү биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология продуктулары менен иштөөгө уруксат берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 562 "Патогендүү биологиялык агенттерди мамлекеттик эсепке алуу системасын уюштуруу тартибин жана Патогендүү биологиялык агенттер тууралуу маалыматты коргоону камсыз кылуу жана жеке жактарга патогендүү биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология продуктулары менен иштөөгө уруксат берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 562
- Кабыл алынган күнү: 20.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57393/edition/57578/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050111.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 562 "Патогендүү биологиялык агенттерди мамлекеттик эсепке алуу системасын уюштуруу тартибин жана Патогендүү биологиялык агенттер тууралуу маалыматты коргоону камсыз кылуу жана жеке жактарга патогендүү биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология продуктулары менен иштөөгө уруксат берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (20.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050111

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 20-августу № 562 Патогендүү биологиялык агенттерди мамлекеттик эсепке алуу системасын уюштуруу тартибин жана Патогендүү биологиялык агенттер тууралуу маалыматты коргоону камсыз кылуу жана жеке жактарга патогендүү биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология продуктулары менен иштөөгө уруксат берүү тартибин бекитүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 13-беренелерин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Патогендүү биологиялык агенттерди мамлекеттик эсепке алуу системасын уюштуруу тартиби 1-тиркемеге ылайык;

2) Патогендүү биологиялык агенттер тууралуу маалыматты коргоону камсыз кылуу жана жеке жактарга патогендүү биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология продуктулары менен иштөөгө уруксат берүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тартиптерди координациялоо жана ишке ашыруу төмөнкүлөргө жүктөлсүн:

1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине патогендүү биологиялык агенттердин жайылуу коркунучунда профилактикалык жана санитардык-эпидемиологиялык чараларды көрүү, ведомстволор аралык координациялык кеңешке катышуу жана калктын ден соолугуна потенциалдуу коркунуч туудурган патогендер жөнүндө маалымат алмашууну камсыз кылуу бөлүгүндө;

2) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине патогендүү биологиялык агенттердин жайылуу коркунучунда профилактикалык жана эпизоотияга каршы чараларды көрүү, ведомстволор аралык координациялык кеңешке катышуу жана айыл чарба чөйрөсүнө потенциалдуу коркунуч келтирген патогендер жөнүндө маалымат алмашууну камсыз кылуу бөлүгүндө;

3) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине химиялык, биологиялык, авиациялык жана ядролук чөйрөлөрдө патогендүү биологиялык агенттердин жайылуу коркунучунда айлана-чөйрөнү коргоо бөлүгүндө.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-августундагы № 63 (3823) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.А. Касымалиев |
