Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тартып чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү тууралуу)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 20-августу № 637-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо ишин пландоо максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып 2027-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (мындан ары – План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Планды ишке ашырууга жооптуу министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор:
1) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын камсыз кылууну эске алуу менен Планда каралган мыйзамдардын долбоорлорун белгиленген мөөнөттөрдө иштеп чыгууну камсыз кылсын;
2) эки жумалык мөөнөттө мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарын бекитсин;
3) мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландары бекитилген күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен аларды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берсин;
4) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) Пландын ишке ашырылышына контроль жүргүзсүн;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана жетекчилеринин орун басарларына Планда көрсөтүлгөн мыйзамдардын долбоорлорун өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизүү үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-августундагы № 686-т тескемеси;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 168-т тескемеси;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 523-т тескемеси.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып 2027-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (Кыргыз Республикасынын…Приложение · 20.08.2026 · № 637-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (Кыргыз Республикасынын…План · 11.08.2025 · № 686-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-августундагы № 686-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 30-июнуна…Распоряжение · 11.08.2025 · № 686-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 168-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-августундагы № 686-т тескемесине…Распоряжение · 16.03.2026 · № 168-т · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 523-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-августундагы № 686-т тескемесине…Распоряжение · 13.07.2026 · № 523-т · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-августундагы № 686-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 30-июнуна…Распоряжение · 11.08.2025 · № 686-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 523-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-августундагы № 686-т тескемесине…Распоряжение · 13.07.2026 · № 523-т · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 168-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-августундагы № 686-т тескемесине…Распоряжение · 16.03.2026 · № 168-т · Күчүн жоготкон