# 6-берене

- Документ: [Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 145 "Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050101/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5825/edition/57562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050101/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 6-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050101/st-6

---

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана төмөнкүлөрдү кошпогондо, 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет:

1) 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 3-берененин 45 жана 57-пункттары;

2) 2025-жылдын 5-августунан тартып күчүнө кирүүчү 5-берененин "а" пунктчасы;

3) 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 3-берененин 60-пункту;

4) 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 3-берененин 67-пунктунун "д" пунктчасы;

5) 2026-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирүүчү 3-берененин 67-пунктунун "е" пунктчасы;

6) расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 1-берененин 1-4-пункттары, 2-берене, 3-берененин 8, 50, 52, 56-пункттары, 67-пунктунун "а", "б", "в", "г", "ж" пунктчалары, 74-пункту, 76-пунктунун тогузунчу, онунчу жана он биринчи абзацтары, 4-берене, 5-берененин "б", "в", "г" пунктчалары;

7) расмий жарыяланган күндөн тартып эки календардык айдан кийинки айдын 1инен тартып күчүнө кирүүчү 1-берененин 5 жана 6-пункттары.

| Кыргыз Республикасынын Президенти |  | С.Жапаров |
| --- | --- | --- |
|  |  |  |
| 2026-жылдын 25-июнунда |  | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101/st-5)
