# 5-берене

- Документ: [Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 145 "Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050101/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5825/edition/57562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050101/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 5-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050101/st-5

---

"Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 5-августу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 4-беренеде:

а) 9-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9. Өнбөгөн калдыктын 3 пайызын салык төлөөчү төлөгөн шартта Кыргыз Республикасынын аймагынан айыл чарба жаныбарларын (майда жана бодо малды) экспорттоодо (сатууда) 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде пайда болгон өнбөгөн калдыктын суммасынын 97 пайызы, ошондой эле эсептелген туумдардын жана салык санкцияларынын 100 пайызы эсептен чыгарылууга тийиш.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 9-1 - 9-3-бөлүктөр менен толукталсын:

"9-1. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен турак жайларды курууну жүзөгө ашырган мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы аскердик окуялардан кийин Баткен облусунун тургундарына кайтарымсыз негизде кийин өткөрүп берүүгө багытталган ишкердик субъекттеринин 2026-жылдын 31-декабрына чейинки салык мезгилдеринде пайда болгон салык карызы, туумдар жана салык санкциялары боюнча карызды кошо алганда, анын ичинде ал боюнча сот чечими чыгарылган карыз (арыздын жана тиешелүү тастыктоочу документтердин негизинде) эсептен чыгарылууга тийиш. 9-2. Көмүр казып алуу боюнча иш жүргүзүүчү ишкердик субъекттеринин 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде пайда болгон салык санкциялары жана эсептелген туумдар алар тарабынан өнбөгөн калдыктын суммасы 2026-жылдын 31-декабрына чейин толук төлөнгөн шартта эсептен чыгарылууга тийиш. 9-3. 2026-жылдагы салык мезгили үчүн салык органы тарабынан мүлк салыгынын суммасы эсептелгендиги жөнүндө салык кызматынын органынын билдирүүсү менен чегерилген мүлк салыгы боюнча салык санкциялары жана туумдар салык төлөөчү тарабынан көрсөтүлгөн мезгил үчүн пайда болгон өнбөгөн калдыктын суммасын толук төлөгөн шартта эсептен чыгарылууга тийиш.";

в) 10-бөлүктө "9-бөлүктөрүндө" деген сөздөр "9 - 9-3-бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

г) төмөнкүдөй мазмундагы 12-бөлүк менен толукталсын:

"12. Ушул беренеге ылайык салык органы эсептен чыгарууну жүргүзгөн датага карата төлөнбөгөн салык карызы, анын ичинде эсептелген туумдар жана салык санкциялары эсептен чыгарылууга тийиш.".

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101/st-6)
