# 472-берене. Салык базасы

- Документ: [Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 145 "Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050101/st-472>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5825/edition/57562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050101/st-472.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 472-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050101/st-472

---

Салык базасы болуп ушул Кодекстин 471-беренесинде көрсөтүлгөн операция боюнча эсепке чегерилүүчү акча каражаттарынын суммасы, анын ичинде транзакция боюнча кызматтарды көрсөтүүгө төлөм саналат.";

77) төмөнкүдөй мазмундагы 472-1-берене менен толукталсын:

"472-1-берене. Салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы Салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы болуп транзакция үчүн Кыргыз Республикасынын банкында ачылган эсепке акча каражаттары чегерилген дата саналат.";

78) 474-беренеде:

а) 1-бөлүктө "эсептешүү" деген сөз алып салынсын;

б) 2-бөлүктө "Атайын салык режиминин субъекттери" деген сөздөр "Транзакцияга салык боюнча салык төлөөчүлөр" деген сөздөргө алмаштырылсын;

79) 475-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"475-берене. Салык отчеттуулугу

1. Ушул главанын алкагында транзакцияга салык боюнча салыктык отчеттуулук салык агенти - банк тарабынан отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен ай сайын берилет.

2. Транзакцияга салык боюнча салык төлөөчү ушул главада каралган салык боюнча салыктык отчеттуулукту берүүдөн бошотулат.";

80) 476-беренеде:

а) 1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 2 жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Транзакцияга салык боюнча салык төлөөчү ушул Кодекстин 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 57-пунктуна ылайык транзакциялар деп таанылган операцияларды гана жүргүзүүгө милдетүү.

3. Транзакцияга салык режимин колдонуунун алкагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды сатууга, жумуштарды аткарууга же кызматтарды көрсөтүүгө;

2) ушул Кодекстин 471-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык транзакция жана өлкө ичиндеги которуулар менен байланышпаган операцияларга.";

в) 4-бөлүктө "атайын салык" деген сөздөр алып салынсын.

---

Мурунку берене: [471-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101/st-471)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101/st-4)
