# 4-берене

- Документ: [Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 145 "Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050101/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5825/edition/57562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050101/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 4-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050101/st-4

---

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 4-беренеде:

а) 15-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Көрсөтүлгөн кирешелер боюнча пайда болгон салык карызы, анын ичинде өндүрүп алуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими, ошондой эле салык органы эсептен чыгарууну жүргүзгөн датага карата төлөнбөгөн, эсептелген туумдар жана салык санкциялары бар карыз, салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү жана/же аяктай элек кылмыш иши болгон учурларды кошпогондо, салык төлөөчүнүн арызынын негизинде эсептен чыгарылууга тийиш;";

б) 30-пунктта "1-февралына" деген сөздөр "1-мартына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) төмөнкүдөй мазмундагы 33-39-пункттар менен толукталсын:

"33) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иши боюнча катталган, мындай субъект катары катталганга чейин бир эле убакта Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин же экспорттук операцияларды жүргүзүүчү бирдиктүү салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүчү субъект катары катталганга чейин колдонулган режимге ылайык жана ставкалар боюнча салыктарды төлөө менен импорттоо укугусуз 2026-жылдын 31-декабрына чейин товарлардын калдыктарын сатууга жана сатып алуучулар, берүүчүлөр жана принципалдар ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу;

34) транзакцияга салык боюнча катталган, мындай субъект катары катталганга чейин бир эле убакта Кыргыз Республикасынын аймагында ишин же экспорттук операцияларды жүргүзүүчү салык төлөөчү катталганга чейин колдонулган режимге ылайык жана ставкалар боюнча салыктарды төлөө менен 2026-жылдын 31-декабрына чейин товарлардын калдыктарын сатууга жана сатып алуучулар, берүүчүлөр жана принципалдар ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу;

35) патенттин негизинде зер буюмдарын сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген 1 жыл өткөнгө чейин бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна өтүүгө укуктуу;

36) ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген бардык милдеттүү реквизиттер толтурулган эсеп-фактуралар боюнча сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасы 2022-жылдын 1-январынан тартып чегерилүүгө тийиш;

37) бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тутумун колдонуучу, жалпы салык салуу режимин колдонуу ниети бар салык төлөөчү 2026-жылдын 1-октябрына чейинки мезгил ичинде учурдагы салыктык каттоо жери боюнча салык органына салык салуудан жалпы режимине өтүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу. Тандалган салык режими боюнча салыктарды төлөө салык төлөөчү тарабынан арыз берилген айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып жүргүзүлөт.

Ушул пунктка ылайык бирдиктүү салык төлөөчү катары каттоодон алынган салык төлөөчү салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тутумунан ыктыярдуу чыккан салык төлөөчү болуп эсептелет;

38) субъекттер 2025-жылдын 1-апрелине чейин ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутумуна ашыкча киргизилген, алгачкы эсепке алуу документтери жок товарлар жөнүндөгү маалыматтарды оңдоого укуктуу.

Мындай товарлар жөнүндөгү маалыматтарды алардын санын азайтууга алып келген оңдоолор, эгерде мындай товарларды сатуу фактысы мыйзамда белгиленген тартипте тастыкталбаса, анын ичинде салык контролунун жыйынтыгы боюнча салык органы тарабынан маалымат тутумуна киргизилген маалыматтар менен товарлардын иш жүзүндөгү калдыктарынын ортосундагы айырмачылыктарды аныктоого негизделген тийиштүү чечим кабыл алынган учурларда салык салуу максатында товарларды сатуу катары таанууга негиз болуп саналбайт;

39) Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонуу максатында 2026-жылдын 1-январынан тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде ОК-коддорду, мобилдик тиркемелерди, электрондук капчыктарды жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган башка аралыктан төлөө куралдарын колдонуу менен жүргүзүлүүчү төлөмдөр төлөөчүнү аныктоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтардын бар-жоктугуна карабастан, накталай эмес формадагы төлөм деп таанылат.".

---

Мурунку берене: [472-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101/st-472)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101/st-5)
