Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
311-берене
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы
төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "311-берене. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу тиешелүү документтерсиз өткөрүү
1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана/же ЕАЭБдин укугуна ылайык таризделүүгө тийиш болгон тиешелүү документтерсиз өткөрүү, эгерде товардын наркы төмөнкүдөй болсо:
1) 500000 сомдон аз -
жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;
2) 500000 сомдон 1000000 сомго чейин -
жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;
3) 1000000 сом жана андан көп -
жеке жактарга 2000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 3000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайра кайталанып жасалса, эгерде товардын наркы төмөнкүдөй болсо:
1) 500000 сомдон аз -
жеке жактарга 700 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;
2) 500000 сомдон 1000000 сомго чейин -
жеке жактарга 1300 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;
3) 1000000 сом жана андан көп -
жеке жактарга 2500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 3500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган укук бузуу жасалган учурда укук бузуунун түздөн-түз объекти болуп саналган өткөрүлүүчү товарлар ушул Кодексте белгиленген тартипте конфискацияланууга тийиш.".
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230050101/st-311" title="311-берене - Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>