# 1-берене

- Документ: [Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 145 "Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050101/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5825/edition/57562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050101/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050101/st-1

---

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 16-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

"8) салык органдары тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча отчеттордун, эсептөөлөрдүн формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүүгө.";

б) 3-бөлүктө:

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды, ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымды, сынам жыйымын жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерди төлөөчүлөрдүн аткаруусун контролдоого;";

- 10-пунктта "ушул Кодексте белгиленген" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 22-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча доонун эскирүү мөөнөтү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымды, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымды, сынам жыйымын жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдү төлөө боюнча доонун эскирүү мөөнөтү салыктык эмес кирешени төлөөнү караган жагдайлар пайда болгон күндөн же ушул Кодекске ылайык салыктык эмес кирешени төлөө боюнча мезгил аяктагандан тартып 6 жылды түзөт.";

б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандан кийин салыктык эмес кирешенин жана туумдун ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн/төлөөчүнүн жеке эсебинен бюджеттин пайдасына эсептен чыгарылат.";

3) 29-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым, ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйым, сынам жыйымы жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча ушул Кодекстин милдеттенмелерин жана талаптарын төлөөчүнүн өз убагында жана толук аткаруусун текшерүү салыктык текшерүүлөрдү дайындоо, жүргүзүү жана аяктоо тартибин жана жол-жобосун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган ченемдерге ылайык салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.";

4) 39-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды, ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымды, сынам жыйымын жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдү эсептөөгө жана алууга карата салык кызматы органынын чечимине төлөөчүнүн даттануусу ыйгарым укуктуу салык органына берилет жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте каралат.";

5) төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-глава менен толукталсын:

"14-1-глава. Резидент эместерге Кыргыз Республикасынын банктарында банктык эсептерди ачуу жана тейлөө укугуна уруксат берүү (аккредитациялоо) үчүн жыйым

---

Кийинки берене: [51-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101/st-51-1)
