# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050086)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050086/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5823/edition/57545/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050086/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050086/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 28-январы, № 6) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 63-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6) Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү.";

2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 65-1-берене менен толукталсын:

"65-1-берене. Шайлоодо добуш берүү күнү

1. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү дем алыш күнү болуп саналат.

2. Кызматкер добуш берүүгө катышкандыгы тастыкталган шартта ошол күн үчүн анын бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат.

3. Кызматкерлерди ошол күнү ишке тартуу ушул Кодекстин 67 жана 109-беренелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Мында ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген ченемдер колдонулбайт.

4. Жарандардын добуш берүүгө катышкандыгы тастыкталган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте кошумча жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды берүү каралышы мүмкүн.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050086/st-2)
