# 8-берене. Климаттын өзгөрүүсү маселелери боюнча консультативдик-кеңешүүчү орган

- Документ: [Климаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 "Климаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5822/edition/57539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050082/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Климаттык иш жөнүндө, 8-берене (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-8

---

1. Министрлер Кабинетинин алдында атайын түзүлгөн, туруктуу өнүгүү максаттарына, климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана ага адаптациялоо чараларына жетишүү процесстерин координациялоону жана комплекстүү стратегиялык башкарууну, климаттык каржылоону тартууну камсыз кылуучу Консультативдик-кеңешүүчү орган (мындан ары - Консультативдик-кеңешүүчү орган):

1) климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана адаптациялоо боюнча мамлекеттик, аймактык жана тармактык артыкчылыктуу программаларды, долбоорлорду карайт жана жактырат, аларды ишке ашыруу боюнча тапшырмаларды берет;

2) климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, аймактык, тармактык программаларын ишке ашыруу боюнча отчетторду, эл аралык милдеттенмелерин аткаруу боюнча улуттук климаттык отчеттуулукту, анын ичинде климаттык каржылоо маселелерин карайт жана жактырат;

3) климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана адаптациялоо боюнча чараларды мамлекеттик пландаштыруу процесстерин (Улуттук деңгээлде аныкталуучу салым, Улуттук адаптациялык план) баштайт, алардын ишке ашырылышын контролдойт жана тиешелүү натыйжаларды бекитет.

2. Консультативдик-кеңешүүчү органды түзүү жана ишин уюштуруу Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-9)
