# 7-берене. Климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга, ишке ашырууга жана ага мониторинг жүргүзүүгө жооптуу негизги субъектилер

- Документ: [Климаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 "Климаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5822/edition/57539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050082/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Климаттык иш жөнүндө, 7-берене (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-7

---

Кыргыз Республикасынын климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын негизги субъектилери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Климаттын өзгөрүүсү маселелери боюнча консультативдик-кеңешүүчү орган;

2) тармактык митигациялык жана адаптациялык саясат жана тиешелүү отчеттуулук чараларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар;

3) климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган);

4) айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы жана климаттык иш жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары;

5) расмий статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

6) климаттын өзгөрүүсү маселелерин жергиликтүү деңгээлдеги социалдык-экономикалык өнүгүү программаларына жана пландарына интеграциялоого, аларды ишке ашырууга жана отчет берүүгө жооптуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

7) экономикалык иштин субъектилери жана калк.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-8)
