# 5-берене. Стратегиялык документтер жана климаттык отчеттуулук

- Документ: [Климаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 "Климаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5822/edition/57539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050082/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Климаттык иш жөнүндө, 5-берене (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-5

---

1. Климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү негизги документтер жана отчеттор болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мамлекеттик стратегиялык пландаштыруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык аз көмүртектүү өнүктүрүү стратегиясы жана аны ишке ашыруу планы;

2) Улуттук адаптация планы (5 жыл сайын);

3) Улуттук деңгээлде аныкталуучу салым (5 жыл сайын отчет берүү);

4) Парник газдарын инвентаризациялоо жөнүндө улуттук отчет (2 жыл сайын);

5) Улуттук билдирүү (4 жыл сайын);

6) айкындык жөнүндө эки жылдык отчет (2 жыл сайын);

7) климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруудагы прогресс тууралуу маалыматты кароочу адаптация жөнүндө билдирүү (2 жыл сайын);

8) Кыргыз Республикасынын Климаттык инвестициялык программасы.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымы, аны ишке ашыруу планы, Улуттук адаптациялык планы жана Климаттык инвестициялык программасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан бекитилет.

3. Климаттык отчеттуулукту иштеп чыгуу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-6)
