# 36-берене. Эл аралык кызматташтык

- Документ: [Климаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 "Климаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5822/edition/57539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050082/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Климаттык иш жөнүндө, 36-берене (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-36

---

Көмүртек нейтралдуулугуна жана климаттык максаттарга улуттук деңгээлде жетүү максатында Кыргыз Республикасы:

1) улуттук саясаттын максаттарына жана милдеттерине жетүү механизмдерин өркүндөтүү максатында, биргелешкен климаттык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле тажрыйба алмашуу жана илимий изилдөөлөр менен иштеп чыгуулар, аз көмүртектүү технологиялар жөнүндө маалыматты алмашуу аркылуу чет мамлекеттер менен кызматташууну түзөт;

2) климаттык каржылоону тартуу маселелери боюнча финансылык институттар менен өз ара аракеттенет;

3) БУУнун КӨАКынын Тараптарынын ар жылдык Конференцияларына жана белгиленген Конференциялардын алкагында уюштурулуучу иш-чараларга улуттук климаттык күн тартибинин маселелери жана БУУнун КӨАКынын Тараптарынын Конференцияларынын күн тартибинин башка маселелери боюнча өлкөнүн көз карашын, позициясын, кызыкчылыктарын жана сунуштарын билдирүү менен катышуу үчүн өкүлдөрдү жиберет;

4) БУУнун КӨАКын жана Париж макулдашуусун ратификациялоо менен, Кыргыз Республикасынын улуттук контексти жана кызыкчылыктары менен аныкталуучу алкакта Конвенция боюнча милдеттенмелерди аткарат жана Конвенцияны ишке ашыруу боюнча улуттук климаттык отчеттуулук документтерин үзгүлтүксүз берип турат.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-37)
