# 35-берене. Ачык-айкындуулук жана кызыкдар тараптарды тартуу

- Документ: [Климаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 "Климаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5822/edition/57539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050082/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Климаттык иш жөнүндө, 35-берене (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-35

---

1. Коомчулук климаттык долбоорлор, парник газдарын азайтуу жана климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле парник газдарынын чыгындыларын жана сиңирүүлөрүн инвентаризациялоонун жыйынтыктары жана климаттык отчеттуулук жөнүндө маалыматка тоскоолдуксуз жетүүгө укуктуу.

2. Климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу процессине коомчулукту тартуу механизмдери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) маалымат берүү - жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тарамдарда жана байланыштын башка каналдары аркылуу маалыматты жайылтуу, климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана адаптациялоо маселелери боюнча отчеттуулукту жана башка маалыматтарды жарыялоо, ведомстволук расмий сайттарды системалык түрдө жаңыртып туруу;

2) билим берүү демилгелери - климаттын өзгөрүүсү маселелери боюнча коммерциялык эмес сектордун жана калктын потенциалын жогорулатууга багытталган билим берүү иш-чараларын уюштуруу;

3) коомдук консультациялар жана чечимдерди кабыл алууга катышуу - климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга коомчулуктун өкүлдөрүн, экономикалык иштин субъектилерин, илимий жана эксперттик коомчулукту тартуу, коомчулуктун өкүлдөрүн тиешелүү ведомстволук жана ведомстволор аралык жумушчу топторго киргизүү;

4) кайтарым байланыш - климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди берүү мүмкүнчүлүгүн берүү.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-36)
