# 34-берене. Климаттык билим берүү, потенциалды жогорулатуу жана климаттын өзгөрүүсү жаатындагы маалымдоо

- Документ: [Климаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 "Климаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5822/edition/57539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050082/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Климаттык иш жөнүндө, 34-берене (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-34

---

1. Министрлер Кабинети экологиялык билим берүүнү жигердештирүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү жаатында кадрларды даярдоо жана адистердин квалификациясын жогорулатуу, коомчулукка маалымат жеткирүү, климаттын өзгөрүүсү боюнча комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүү жана анын Кыргыз Республикасынын экономикасына жана жаратылыш ресурстарына, анын ичинде экономикалык иштин субъектилерине тийгизген таасирин баалоо, ошондой эле климаттын өзгөрүүсү маселелери боюнча маалыматка жетүү боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат.

2. Климаттык билим берүү демилгелерин иштеп чыгууда жана ишке ашырууда гендердик аспектилер жана калктын аярлуу топторунун керектөөлөрү эске алынат.

3. Климаттык билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан билим берүү инструменттерин киргизүү Министрлер Кабинети тарабынан санариптик технологияларды колдонуу менен, анын ичинде онлайн-курстарды уюштуруу, интержигердүү платформаларды түзүү жана иштетүү, электрондук окуу материалдарын киргизүү аркылуу жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-35)
