# 31-берене. Байкоо жүргүзүү тутуму, изилдөөлөрдү жүргүзүү жана маалыматтарды башкаруу

- Документ: [Климаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 "Климаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5822/edition/57539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050082/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Климаттык иш жөнүндө, 31-берене (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-31

---

1. Кыргыз Республикасындагы климаттык байкоо жүргүзүү тутуму Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын гидрометеорологиялык кызматынын, суу ресурстарьт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын метеорологиялык станцияларынын жана гидропостторунун тарамын туюндурат жана илимий-изилдөө институттарынын өзүнчө байкоо жүргүзүү пункттарын камтыйт.

2. Узак убакыттык катарлардын маалыматтар банкы белгиленген функциялардын алкагында жогоруда көрсөтүлгөн уюмдардын ар бири тарабынан жүргүзүлөт.

3. Гидрометеорологиялык кызмат талдоо жүргүзөт жана бекитилген тизмеге ылайык калкка жана уюмдарга климаттык кызматтарды көрсөтөт. Адаптациялык пландаштыруунун максатында гидрометеорологиялык кызмат эл аралык климаттык моделдердин негизинде келечектеги климаттык өзгөрүүлөрдүн проекцияларын иштеп чыгат.

4. Илимий-изилдөө институттары мөңгүлөрдүн динамикасына, суу агымына жана геофизикалык процесстерге изилдөө жүргүзүшөт.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган БУУ КӨАК боюнча өлкөнүн отчетторун даярдоо үчүн жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар базаларында камтылган маалыматтарды акысыз негизде суратууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-32)
