# 30-берене. Климаттык камсыздандыруу

- Документ: [Климаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 "Климаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5822/edition/57539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050082/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Климаттык иш жөнүндө, 30-берене (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-30

---

1. Климаттык камсыздандыруу жеке жана юридикалык жактарды, ошондой эле критикалык инфратүзүм объектилерин жагымсыз климаттык шарттардын экономикалык кесепеттеринен коргоонун каржылык механизми болуп саналат.

2. Климаттык камсыздандыруунун негизги максаттары:

1) климаттын өзгөрүүсүнө карата экономиканын негизги тармактарынын туруктуулугун камсыз кылуу;

2) айыл чарбасында, энергетикада, инфратүзүмдө жана суу ресурстарында жоготуулардын тобокелдиктерин азайтуу;

3) климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоонун каржылык механизмдерди түзүү;

4) камсыздандыруу өнүмдөрүнө жеке инвестицияларды тартуу жана кайра камсыздандыруу механизмдерин кеңейтүү.

3. Климаттык камсыздандыруу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Климаттык камсыздандырууну мамлекеттик колдоонун инструменттери, механизмдери жана түрлөрү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Климаттык камсыздандыруу механизмдерин иштеп чыгууда айыл чарбасындагы, суу чарбасындагы, социалдык жана транспорттук инфратүзүмдөгү тобокелдиктер, ошондой эле калктын аярлуу топтору үчүн тобокелдиктер биринчи кезекте эске алынат.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-31)
