# 27-берене. Климаттык бюджеттештирүү

- Документ: [Климаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 "Климаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5822/edition/57539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050082/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Климаттык иш жөнүндө, 27-берене (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-27

---

1. Кыргыз Республикасында финансыны мамлекеттик башкаруу тутумуна климаттык максаттарды жана милдеттерди интеграциялоо максатында климаттык бюджеттештирүү киргизилет.

2. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди пландаштырууда жана аткарууда төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) климаттык артыкчылыктарды эске алууга;

2) транспорт, энергетика, суу чарбасы, курулуш, айыл чарбасы жана турак жай-коммуналдык инфратүзүм чөйрөлөрүндөгү мамлекеттик инвестициялык долбоорлор боюнча климаттык туруктуулукка жана климаттык тобокелдиктерге баалоо жүргүзүүгө;

3) мониторинг жүргүзүүнү жана отчеттуулукту белгиленген тартипте камсыз кылууга.

3. Бюджетти пландоодо климаттык артыкчылыктарды эсепке алуу тартиби жана методологиясы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-28)
