# 24-берене. Калктуу конуштарды жашылдандыруу жана климаттык туруктуулук

- Документ: [Климаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 "Климаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5822/edition/57539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050082/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Климаттык иш жөнүндө, 24-берене (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-24

---

1. Калктуу конуштарды жашылдандыруу климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо чараларынын бири болуп саналат жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга түрткү берет.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

1) учурдагы жашыл фондду эсепке алуу жана сактоо;

2) жашыл өсүмдүктөрдү түрттүргөндө же жок болуп кеткенде компенсациялык жашылдандырууну жүргүзүү;

3) жашыл өсүмдүктөргө кам көрүү жана алардын тамыр алышына мониторинг жүргүзүү;

4) жашылдандыруу көрсөткүчтөрүн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына киргизүү.

3. Жашыл өсүмдүктөрдү эсепке алуу, калыбына келтирүү жана мониторинг жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-25)
