# 23-берене. Климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо саясатынын негизги багыттары

- Документ: [Климаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 "Климаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5822/edition/57539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050082/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Климаттык иш жөнүндө, 23-берене (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-23

---

1. Кыргыз Республикасынын климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо саясатынын климаттык туруктуулукту жогорулатууга жана аярлуулукту азайтууга багытталган артыкчылыктуу багыттарынын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. Климаттын өзгөрүүнүн таасирлерине адаптациялоо чараларын иштеп чыгуу климаттык тобокелдиктерди, аярлуулукту баалоонун натыйжаларына жана климаттын өзгөрүүсүнүн проекцияларына негизделет жана Улуттук адаптациялык планда жана Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымда чагылдырат.

3. Адаптациялоо секторлорунда мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өнүктүрүүнүн тиешелүү стратегиялык тармактык документтерин түзүүдө адаптациялоону тармактык документтерге интеграциялоо аркылуу анын багыттарын, ошондой эле кызматкерлер, үй чарбалары, калктын аярлуу топтору, чакан жана орто ишкердик субъектилери жана жергиликтүү коомдоштуктар үчүн социалдык кесепеттерди эсепке алат.

4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын жана калкты социалдык коргоо программаларын иштеп чыгууда климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо боюнча чараларды эсепке алат.

5. Климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын чаралары калктын абалын ашыкча начарлатууга жол бербөөгө багытталган кайра даярдоо, иш менен камсыз кылууну колдоо, технологияларга жеткиликтүүлүк программалары жана башка чаралар менен коштолууга тийиш.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-24)
