# 21-берене. Климаттык тобокелдиктерди жана аярлуулукту баалоо

- Документ: [Климаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 "Климаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5822/edition/57539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050082/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Климаттык иш жөнүндө, 21-берене (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-21

---

1. Климаттык тобокелдиктерди жана аярлуулукту баалоо ыйгарым укуктуу органдын методологиялык жана консультациялык колдоосу алдында адаптациялоо субъектиси тарабынан жүргүзүлөт.

2. Климаттык тобокелдиктерди жана аярлуулукту баалоонун максаты болуп пландоо субъектиси үчүн аны аярлуу кылган сезимтал климаттык кооптуу кубулуштардын таасирлеринин тобокелдиктерин талдоо, ошондой эле алардын себептерин жана тиешелүү аракеттерди адаптациялык пландоо үчүн зарыл болгон себеп-натыйжалык байланыштарын аныктоо саналат.

3. Климаттык тобокелдиктерди жана аярлуулукту баалоо методологиясы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.

4. Климаттык тобокелдиктерди жана аярлуулукту баалоонун корутунду этабында климаттын өзгөрүүсүнүн таасирлеринен келип чыккан учурдагы жана келечектеги жоготууларды жана зыянды баалоо жүргүзүлөт.

5. Климаттык таасирлерден келип чыккан жоготууларды жана зыянды экономикалык баалоо методикасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-22)
