# 18-берене. Митигациялык саясаттын артыкчылыктуу багыттары

- Документ: [Климаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 "Климаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5822/edition/57539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050082/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Климаттык иш жөнүндө, 18-берене (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-18

---

1. Парник газдарынын чыгындыларын азайтууга жана көмүртек нейтралдуулугуна жетүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын митигациялык саясатынын артыкчылыктуу багыттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Митигациялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу парник газдарынын чыгындыларын жана сиңирүүлөрүн инвентаризациялоонун натыйжаларына, келечектеги чыгындылардын проекцияларына негизделет жана Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымда чагылдырылат.

3. Парник газдарынын келечектеги чыгындыларынын проекцияларын иштеп чыгуу боюнча колдонмо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

4. Узак мөөнөттүү максатка жетүүгө багытталган митигациялоо боюнча саясат жана чаралар:

1) Кыргыз Республикасында стратегиялык документтерди иштеп чыгуу боюнча стандарттарга ылайык иштелип чыгат;

2) климаттык каржылоону мобилизациялоого багытталат жана инвестициялык жагымдуулукту камсыз кылуу үчүн кошумча бөлүмдөрдү камтышы мүмкүн.

5. Митигация боюнча чараларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда мамлекеттик органдар кызматкерлер, үй чарбалары, калктын аярлуу топтору, чакан жана орто ишкердик субъектилери жана жергиликтүү коомдоштуктар үчүн социалдык кесепеттерди эске алууга милдеттүү.

6. Митигация чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын чаралары калктын абалын ашыкча начарлатууга жол бербөөгө багытталган кайра даярдоо, иш менен камсыз кылууну колдоо, технологияларга жеткиликтүүлүк жана башка чаралар менен коштолууга тийиш.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-19)
