# 17-берене. Парник газдарынын чыгындыларын жана сиңирүүлөрүн жөнгө салуу

- Документ: [Климаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 "Климаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5822/edition/57539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050082/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Климаттык иш жөнүндө, 17-берене (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-17

---

1. Парник газдарынын чыгындыларын жана сиңирүүлөрүн жөнгө салуу максатында парник газдарынын чыгындыларын мамлекеттик ченемге салуу механизмдери, парник газдарынын чыгындыларына квоталарды соодалоо тутуму колдонулат, ошондой эле бул максаттарда көмүртек бирдиктеринин колдонулушуна жол берилет.

2. Көмүртек бирдиктерин жүгүртүү климаттык долбоорлордун ишин ишке ашыруунун натыйжаларын пайдалануу жана ага дем берүү үчүн жагымдуу экономикалык шарттарды түзүү максатында жүзөгө ашырылат.

Көмүртек бирдиктерин жүгүртүү көмүртек бирдиктеринин реестринде ага тиешелүү жазууларды киргизүү жолу менен катталуучу операциялардын жыйындысын өзүнө камтыйт.

3. Парник газдарынын чыгындыларын ченемге салуу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

4. Көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн улуттук тутумун түзүү жана иштетүү, көмүртек бирдиктерин каттоо жана пайдалануу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

5. Парник газдарынын чыгындыларына квоталарды соодалоо тутумун жана Париж макулдашуусунун 6-беренеси боюнча эл аралык кызматташууну жөнгө салуучу мыйзамдар Министрлер Кабинети жана башка ченемдик укуктук актылар менен бекитилет.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-18)
