# 16-берене. Парник газдарынын чыгындыларын инвентаризациялоо тутуму жана Парник газдарынын чыгындыларынын жана сиңирүүлөрүнүн мамлекеттик кадастрын жүргүзүү

- Документ: [Климаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 "Климаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5822/edition/57539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050082/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Климаттык иш жөнүндө, 16-берене (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-16

---

1. Парник газдарынын чыгындыларын жана сиңирүүлөрүн инвентаризациялоо Кыргыз Республикасынын курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө мониторинг жүргүзүүнүн тутумдук бөлүгү болуп саналат,

2. Парник газдарынын чыгындыларын инвентаризациялоо боюнча жумуштарды уюштуруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ар 2 жылда жүргүзүлөт жана БУУнун КӨАКынын Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобунун тизмегине ылайык антропогендик иштин натыйжасында пайда болгон парник газдарынын бардык чыгындыларын жана сиңирүүлөрүн камтыйт.

3. Парник газдарынын чыгындыларын жүзөгө ашыруучу бардык мамлекеттик органдар жана менчиктин бардык формасындагы экономикалык иштин ири субъектилери парник газдарынын чыгындыларына жана сиңирүүлөрүнө инвентаризация жүргүзүү процессине көмөктөшүүгө жана ыйгарым укуктуу органга суралган маалыматты жана керектүү дайындарды акысыз негизде берүүгө тийиш.

4. Парник газдарынын чыгындыларын жана сиңирүүлөрүн инвентаризациялоонун натыйжалары боюнча Парник газдарынын чыгындыларынын жана сиңирүүлөрүнүн мамлекеттик кадастры түзүлөт.

5. Парник газдарынын чыгындыларынын жана сиңирүүлөрүнүн мамлекеттик кадастры Кыргыз Республикасынын аймагында парник газдарынын чыгындыларынын жана сиңирүүлөрүнүн бирдиктүү жана бардыгын камтуучу реестр болуп саналат, ал бардык кызыкдар тараптардын жеткиликтүүлүгү үчүн ачык болот.

6. Парник газдарынын чыгындыларын жана сиңирүүлөрүн инвентаризациялоонун натыйжаларын верификациялоо мамлекеттик деңгээлде мамлекеттик органдардын, изилдөө институттарынын, адистештирилген жогорку окуу жайларынын, илимий жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу менен жүргүзүлөт. Верификациялоо процессине верификациялоо боюнча эл аралык эксперттер жана эксперттик уюмдар тартылышы мүмкүн.

7. Парник газдарынын чыгындыларын жана сиңирүүлөрүн инвентаризациялоо, анын натыйжаларын верификациялоо, Парник газдарынын чыгындыларынын жана сиңирүүлөрүнүн мамлекеттик кадастрын жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-17)
