# 14-берене. Экономикалык иштин субъектилери жана калк

- Документ: [Климаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 "Климаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5822/edition/57539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050082/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Климаттык иш жөнүндө, 14-берене (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-14

---

1. Экономикалык иштин субъектилери:

1) климаттык туруктуулукту, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга жана климаттык технологияларды киргизүүгө багытталган программаларды ишке ашырууга катышат;

2) тиричиликте жана өндүрүштө климаттык технологияларды киргизет;

3) парник газдарынын чыгындыларын кыскартууга, климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоого, адаптациялоого өбөлгө түзүүчү демилгелерди ишке ашырат;

4) ушул Мыйзамдын максаттарына жетүүгө өбөлгө түзүүчү башка ишти жүзөгө ашырат.

2. Парник газдарынын чыгындыларын жүзөгө ашыруучу, киргизүү критерийлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгындылардын көлөмү, иштин түрү, отунду жана энергияны керектөө деңгээли же болбосо объективдүү башка көрсөткүчтөр боюнча аныкталуучу экономикалык иштин ири субъектилери алардын менчигинин формасына карабастан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга парник газдарынын чыгындыларын инвентаризациялоо үчүн зарыл болгон суралган маалыматты жана дайындарды акысыз негизде берет.

3. Чакан жана орто ишкердик субъектилери үчүн ушул беренеде каралган иш-чараларга катышуу ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.

4. Калк жана жарандык коомдун өкүлдөрү:

1) парник газдарынын чыгындыларын азайтууга, климаттык туруктуулукту жогорулатууга жана климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоого багытталган коомдук демилгелерге жана долбоорлорго катышат;

2) күнүмдүк турмушта ресурстарды сарамжал пайдаланууну, энергиянын натыйжалуулугун жана экологиялык жоопкерчиликтүү керектөөнү практикалайт;

3) жергиликтүү коомдоштуктардын климаттык сабаттуулугун жогорулатууга жана маалыматташтырууга көмөктөшөт;

4) ушул Мыйзамдын максаттарына жетүүгө багытталган башка ишти жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-15)
