# 13-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Климаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 "Климаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5822/edition/57539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050082/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Климаттык иш жөнүндө, 13-берене (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-13

---

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктары:

1) климаттын өзгөрүүсү маселелерин аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына интеграциялоону камсыз кылуу, аларды ишке ашыруу жана алар боюнча отчеттуулук;

2) климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо саясаттарынын жана чараларынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо тутумун уюштуруу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчетторду берүү менен, климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү аймактык мамлекеттик органдардын иши менен байланышкан көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана системалаштыруу;

3) климаттык маселелер менен байланышкан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кошумча каражаттарды тартуу;

4) кадрдык потенциалды камсыз кылуу жана климаттык иш-аракеттер жана алардын натыйжалары жөнүндө коомчулукка ачык-айкын маалымдоо.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары:

1) климаттын өзгөрүүсү маселелерин жергиликтүү коомдоштуктарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына сууну үнөмдөө, жашылдандыруу, климаттык тобокелдиктерден сактоо, жерлерди калыбына келтирүү, жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана жергиликтүү инфратүзүмдүн туруктуулугун жогорулатуу боюнча чараларды милдеттүү түрдө чагылдыруу менен киргизүү;

2) жергиликтүү коомдоштуктардын климаттык долбоорлорду ишке ашырууга байланышкан демилгелерин колдоо;

3) климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана адаптациялоо боюнча маселелерди чечүүгө жергиликтүү коомдоштуктарды тартуу үчүн шарттарды түзүү.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-14)
