# 12-берене. Расмий статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

- Документ: [Климаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 "Климаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5822/edition/57539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050082/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Климаттык иш жөнүндө, 12-берене (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-12

---

1. Кыргыз Республикасындагы климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында расмий статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан улуттук көрсөткүчтөр топтомуна ылайык климаттык статистиканын маалыматтар банкын түзөт.

2. Климаттын өзгөрүүсү, климаттык каржылоо чөйрөсүндөгү тармактык мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар парник газдарынын чыгындылары жана сиңирүүлөрү, климаттык каржылоо боюнча маалыматтарды түзөт жана расмий статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.

3. Маалыматтарды берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-13)
