# 11-берене. Айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү прокуратура органдары

- Документ: [Климаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 "Климаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5822/edition/57539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050082/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Климаттык иш жөнүндө, 11-берене (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-11

---

1. Айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү прокуратура органдары Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын тутумундагы климаттык иш, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын так жана бир түрдүү аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу адистештирилген бөлүмдөр болуп саналат.

2. Айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү прокуратура органдары өз компетенциясынын чегинде:

1) ушул Мыйзамдын жана климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;

2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана адаптациялоо боюнча талаптарды сактоосун текшерет;

3) климаттык иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар аныкталганда прокурордук чараларды көрөт;

4) жарандардын, анын ичинде калктын аярлуу топторунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери бөлүгүндө коргоого катышат;

5) климаттык иш менен байланышкан экологиялык укук бузууларга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү укук коргоо органдарынын ишин координациялайт;

6) стратегиялык документтерди жана программаларды климаттык иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо бөлүгүндө кароого катышат.

3. Прокуратуранын айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу органдары өз ыйгарым укуктарын прокуратура жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырышат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-12)
