# 1-берене. Жөнгө салуу предмети

- Документ: [Климаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 "Климаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5822/edition/57539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050082/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Климаттык иш жөнүндө, 1-берене (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-1

---

1. Ушул Мыйзам климаттык иш чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салат жана климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргыз Республикасынын калкына, экономикасына жана экотутумдарына таасирин азайтуу, климаттык туруктуулукту жана Кыргыз Республикасын аз көмүртектүү өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн климаттык иш-аракеттердин укуктук негиздерин белгилейт.

2. Мыйзам Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын максаттарын, милдеттерин, принциптерин жана багыттарын, аны иштеп чыгууга негизги талаптарды, климаттык каржылоо, мониторинг жана баалоо тутумун түзүү жана чыңдоо, илимий-изилдөө ишин өнүктүрүү, потенциалды жогорулатуу, климаттык технологияларды иштеп чыгуу жана өткөрүп берүү үчүн негизди аныктайт.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230050082/st-2)
